Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Орусия Сирияда аба соккуларын ура баштады


Сириянын Хомс шаары, 12-май, 2014.
Сириянын Хомс шаары, 12-май, 2014.

Орусия Сириядагы алгачкы аба соккусун Хомс шаарынын жанына урганын АКШнын жогорку даражалуу өкүлү билдирди. Анын CNN телеканалына айтышынча, Москва Вашингтонго "Ислам мамлекети" тобунун Сириядагы позицияларына аба соккуларын жасабай турууну эскерткен, бирок аба соккусу кайсы жерге уруларын так айткан эмес.

АКШнын чалгын кызматынын маалыматы боюнча, пилотсуз орус учактары бир канча күн Сириянын үстүн айланып, маалымат чогулткан. Бул өлкөдөгү Латакия базасында азыр Орусиянын төрт Су-34 истребители жана 600дөн ашуун аскери жайгашкан.

Мунун алдында Сирия президенти Башар Асад Орусиядан терроризмге күрөшүү программасынын алкагында аскер учактарын жиберүүнү өтүнгөнүн бүгүн Дамаск ырастады. Мындай билдирүү Орусиянын Федерация Кеңеши чет өлкөдө аскер колдонууга бир добуштан уруксат берген соң жарыяланды. Кремлдин администрация башчысы Сергей Иванов сөз аскерий аба күчтөрүнүн операциясы тууралуу болуп жатканын, бул чечим Орусия кургактагы аскерлерин Сирияда пайдаланууга жол ачпастыгын айткан.

XS
SM
MD
LG