Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Казакстан "Орусиянын Крымы" тууралуу окуу китептерин оңдойт


Казакстанда 2014-2015-жылдары "Мектеп" басмаканасынан чыккан география боюнча китептер.
Казакстанда 2014-2015-жылдары "Мектеп" басмаканасынан чыккан география боюнча китептер.

Казакстандын билим берүү жана илим министрлиги "Крым Орусия Федерациясынын курамындагы субьект" катары көрсөтүлгөн окуу китептерин оңдоо чечимин кабыл алды. Мекеменин басма сөз кызматы "бул маселени териштирген комиссия 10-11-класстар үчүн чыккан география жана дүйнө тарыхы боюнча окуу китептеринде эч кандай баа бербей турган фактологиялык материалдар басылган жана бардык фактология тегиз колдонулбагандыктан козголгон маселеге тиешелүү материалдын мазмунунун обьективдүүлүгү үчүн түзөтүү киргизүү зарыл" деп тапканын билдирди.

25-сентябрда Украинанын Астанадагы элчилиги Казакстандагы “Мектеп” басмаканасынан чыккан окуу китептеринде Крымдын “Орусия федерациясынын субъектиси” катарында жазылып калгандыгына байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жолдогон. Анда “окуу китептериндеги Крым тууралуу маалыматтар эл аралык коомчулуктун жана Украинанын бүтүндүгүн колдой тургандыгын бир нече жолу билдирген Казакстан бийлигинин да позициясына каршы келе тургандыгы” айтылган.

XS
SM
MD
LG