Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

АКШ-Орусия аскер күчтөрү авиасоккуларды жөнгө салууну сүйлөшөт


Сирия
Сирия

Сириядагы эки өлкө күчтөрүнүн кокустан болчу кагылыштарын алдын алуу үчүн Орусия жана Кошмо Штаттардын аскер күчтөрү сүйлөшүүлөрдү баштайт. Бул маселе АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусунда макулдашылган. Керринин билдиришинче, аскер күчтөрү ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл жана ал консультациялар 1-октябрдан башталат деген ишенимде.

30-сентябрь күнү Орусиянын Федерация Кеңеши президент Владимир Путиндин Сирияда аскер колдонууга уруксат сураган өтүнүчүн колдоп берген. Ушул эле күнү Орусиянын аскер учактары Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна тиешелүү деп эсептелген жайларга алгачкы аба соккуларын урууну баштаган. Муну өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков да ырастады.

Анын алдында АКШнын коргоо министри Эштон Картер Пентагондогу маалымат жыйынында Орусия “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы эмес, Сириянын президенти Башар Асаддын саясий каршылаштарына карата сокку урууда деген кооптонуусун билдирген.

Батыш өлкөлөрү Орусияны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүнү шылтоо кылып, Сириянын президенти Башар Асадды колдоп жатат деп сындап келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG