Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Кытайдагы жардыруудан кеминде жети киши каза болду


Кытай
Кытай

Кытай полициясы 30-сентябрда Лючжоу шаарынын 15 жеринде болгон жардырууну уюштурган деп шектелип, 33 жаштагы Вей аттуу жаран кармалганын билдирди. Азырынча анын Дапу айылынын тургуну экенинен башка маалымат жок.

"Синхуа" агенттиги кечээ Лючжоу шаарчасында саат 3төн 5ке чейинки аралыкта 15 жардыруу болгонун жазды. Андан кеминде жети киши каза таап, 50дөйү жаракат алган. Оорукана, базар, соода борбору, аялдама, айрым өкмөттүк мекемелер жана түрмө имараттары жабыркаган.

Башка маалымат каражаттары бул күнү 17 жерде жардыруу болгонун жазышты. Кытайдын коомдук коопсуздук органдары бул окуяны иликтөөгө алууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG