Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы түрк тилинде жарык көрдү


Түрк маданиятынын эл аралык уюмундагы (ТҮРКСОЙ) Кыргызстандын өкүлү Кожогелди Кулуевдин билдиришинче, акын Алыкул Осмоновдун Анкара шаарында түрк тилинде жарык көргөн “Мен кыргыздын акыны” («Ben şairi Kırgız’ın») аттуу ырлар жыйнагы анын 100 жылдыгына арналып чыгарылды.

Китептин баш сөзүндө ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дюсен Касеинов Алыкул Осмонов Габдулла Тукай, Магжан Жумабаев, Микаил Мушфиг, Жахит Сыткы Таранжы аттуу улуу акындардын катарында турарын белгилеген.

Китепти Кожогелди Кулуев түзүп, басылмага даярдаган.

Осмоновдун ырларын түрк тилине акындар Кенан Чарбога жана Ибрагим Туркхан которгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG