2-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25,
Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 20...25,
Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 18...23
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз 1...6.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус болот.