Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Трамп Орусиянын Сириядагы аба соккуларын колдоду


Президенттике талапкер Дональд Трамп Fox News каналына маек берип жатат.
Президенттике талапкер Дональд Трамп Fox News каналына маек берип жатат.

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Орусиянын Сириядагы аба соккуларын колдоп, эгер ал 2016-жылкы шайлоодо жеңип чыкса, АКШдагы миңдеген сириялык качкындарды мекенине кайтарарын билдирди. Бул тууралуу республикачыл талапкер Трамп CNN каналына түз ободо берген маегинде айтты:

- Эгер Орусия “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмун жоготуп, качкындардын агымын токтотсо анда жакшы. Биз бирдиктүү фронт катарды да иш алып барсак мыкты болмок эле. Мен шайлоодо жеңип чыксам АКШдагы 200 миң сириялык качкынды мекенине кайтарам. Алар жана бүт дүйнө бул нерсени угуп алсын. Алардын арасында “Ислам мамлекетинин” экстремисттери да болушу ыктымал. Биздин алар тууралуу эч кабарыбыз жок, - деди Трамп.

Буга чейин АКШ президенти Барак Обаманын администрациясы АКШ Сириядан 1500дей качкынды кабыл алганын, ал эми 2017- жылдан тарта жылына кабыл ала турган качкындардын санын 70 миңден 100 миңге чейин көбөйтүү ниетин билдирген.

Ал арада Орусиянын Сириянын аймагында кечээ баштаган аба соккулары ал чын эле “Ислам мамлекети” тобунун турумдарын бутага алдыбы же оппозициянынбы деген Батыштын күмөн саноолорун жаратты.

XS
SM
MD
LG