Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Ар бир райондо карылар үчүн борбор ачылат


Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын ар бир районунда карылар үчүн борбор ачууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Бүгүн мындай борбор Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында ачылды. Ал жерде улуу муундун өкүлдөрү бири-бири менен баарлашып, чыгармачылык менен алектенип убакыт өткөрсө болот.

Мындан тышкары жаштар да келип, аксакалдардын кеп-кеңешин уга алат.

Борбор гранттын эсебинен ачылып, 470 миң сом сарпталды. Бул акчага борбор үчүн велотренажер, чуркай турган жол, муздаткыч, газ меш жана башка буюм-тайым сатылып алынды.

Учурда өлкө боюнча пенсия курагындагы 408 миң адам жашайт. Былтыр Global AgeWatch Index рейтингинде Кыргызстан карыларга камкордук көрүү боюнча 96 өлкөнүн ичинен 49-орунду ээлеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG