Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Ноокатта кыз-келиндер медресеси ачылды


Ош облусунун Ноокат районунун борборунда 250 адамга ылайыкталган кыз-келиндер медресеси ачылды. Кыздар диний билимден сырткары биринчи медициналык жардам, тигүүчүлүк жана эсепчилик боюнча да билим ала алышат. Жергиликтүү бийлик жана чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн эсебине ачылган медресе 9-классты аяктаган кыздарды кабыл алат. Учурда анда 120 студент билим алууда.

Диний агартуучу жайдын ачылышына муфтий Максат ажы Токтомушев катышты.

Август айында өкмөт башчы Темир Сариев мектептердин ордуна медресе менен мечит салуу күч алып жатканын сынга алган эле.

Учурда өлкөдө 2669 мечит, 67 медресе, 2027 мектеп, 52 жогорку окуу жайы бар. Айрым медреселер расмий каттоодо жок. Ош облусунда 6 медресе бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG