Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Ханты-Мансыдан 50 чакты кыргыз чыгарылганы жатат


Бул туурасында “Азаттыкка” Орусиянын Ханты-Мансы аймагында иштеп жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну Бахром Кулаев билдирди. Анын айтуусунда, ушул тапта Кыргызстандын 50 жараны Ханты-Мансыдан кармалып, Сургут шаарына жөнөтүлгөн. Камакка алынган жарандардын документтери такталган соң алар мекенине кайтарылары айтылууда.

Кулаев алардын арасында документтери жайында болгон жарандар деле бар экенин, бул окуядан улам мыйзамдуу иштеп жүргөн жарандар дагы сыртка чыгуудан айбыгып, жашынып жатышканын, айрымдары Кыргызстанга өздөрү кайтканы жатканын билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларда мындай маалымат жок экенин, бирок тактоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG