Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Челябинск: Цехтеги жарылуудан үч кыргызстандык жабыркады


Бүгүн Орусиянын Челябинск облусундагы «Карабашмедь» заводунда жарылуу болуп, тогуз жумушчу жабыркады. Алардын төртөөнүн абалы оор.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар арасында кыргызстандыктар да бар. 21 жаштагы Илрат Респегубовдун (аты-жөнү дагы такталууда) абалы оор, мээси чайкалып, кабыргасы сынган. Ал эми 35 жаштагы Кубанычбек Нуркулов менен 20 жаштагы Адилет Дыйкановдун экөөнүн тең абалы орто, бети жана колунан күйүк алган.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка металл иштеткен цехте буунун капташы себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG