Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Орусиянын аба күчтөрү Сириядагы аба соккуларын улантууда


Орусия Сириядагы аба соккуларды 30-сентябрда баштаган.
Орусия Сириядагы аба соккуларды 30-сентябрда баштаган.

Бейшембиде соккулар өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына жасалды. "Рейтерс" агенттигинин маалыматына ылайык, “Жаиш ал-Фатах” уюмунун согушкерлеринин карамагындагы бул аймакка абадан кеминде отуз сокку урулду.

Сириядагы аскерий операциясын Москва 30-сентябрда баштаган. Бүгүн орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия “Ислам мамлекетине” каршы жүргүзүп жаткан күрөштө Сирия армиясына көмөк көрсөтүп жатканын билдирди.

Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, Сирияда аба соккуларды жүргүзүп жаткан топто 50дөй учак жана тик учак бар. Алардын алгачкы соккулары экстремисттик топтун болжолдуу 12 жайына урулду.

АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү орус аба күчтөрү экстремисттик топтун турумдарына гана эмес, Сириянын президенти Башар Асадга каршы турган күчтөргө каршы сокку уруп жатат деген тынчсыздануусун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG