Америка Кошмо Штаттарынын Орегон штатындагы коомдук окуу жайда куралчан адам туш келди ок чыгарып, кеминде 13 кишини өлтүрүп, 20дан ашуун адамды жарадар кылды. Аймактын тартип сакчылары куралчан адамды тындым кылышып, кыргынды токтотушканын Орегон штатынын прокурору билдирди.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10 жарымдарда болгон.
Орегондун борбору Портленден алыс эмес Роузбург жергесиндеги окуу жайда 3 миңдей студент билим алат.
Жаракат алгандар улам ооруканага түшүп жатканын CNN каналы маалымдады. (BCh)