Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Алты айда тартип коргоо кызматкерлерине карата 99 кылмыш иши козголду


Кыргыз милиционерлери
Кыргыз милиционерлери

Анын ичинен эң көп кылмыш иши ички иштер органдарына карата козголгон (68). Мындан сырткары Бажы (13), Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (7), прокуратура органдарынын (6) кызматкерлерине карата ачылган кылмыш иштер бар. Ошондой эле Жаза аткаруу, Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү да бул кылтакка илинген.

Булардын көпчүлүгүнө кызматтык укуктарынан аша чабуу, шалаакылык, пара алуу жана талап-тоноого байланыштуу кылмыш иштери козголгон. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандар ар кандай жагдайда жарандардан 500 доллардан 100 миң долларга чейин пара талап кылышкандар.

Быйыл жазында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурунку башчысы Кылычбек Арпачиев паракорлукка шектелип камалган. УКМКнын маалыматында, Арпачиев кылмыш иштердин бирин жабуу үчүн жергиликтүү жеке ишкерден 200 миң доллар пара талап кылган. Суралган паранын 100 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшкөнү кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG