Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Бүгүн Бишкекте мугалимдер күнү белгиленет


Улуттук филармонияда өтө турган салтанаттуу иш-чарада бир жыл бою өткөн “Жүрөгүм менин балдарда” аттуу кароо сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Салкын Карыпованын “Азаттыкка” билдиришинче, кароо-сынактын жыйынтыгында мыкты жана эң жаш мугалим, мыкты класс жетекчи, мыкты мектеп жана бала бакча, мыкты кыргыз тили бөлмөсү сыяктуу 11 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Карыпованын белгилешинче, баш калаадагы орус тилдүү мектептерде башталгыч класстар үчүн жана так илимдер боюнча мугалимдер жетишсиз. Бишкекте 7200дөн ашуун мугалим эмгектенет.

Буга чейин Кыргызстанда мугалимдер күнү октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленчү. Былтыр өкмөт өзүнүн токтому менен 5-октябрды мугалимдердин кесиптик күнү деп бекитен. Шайлоого байланыштуу быйыл кесиптик майрамды белгилөө 9-октябрга жылдырылды.(КЕ)

XS
SM
MD
LG