Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Ошто ички мигранттар суу насосуна ээ болушту


Ош шаары
Ош шаары

Ош шаарынын Дача участкасынын Ирригатор көчөсүнө таза сууну үзгүлтүксүз берүүчү насостук станция курулду. Бул тууралуу аталган көчөнүн жетекчиси Мирлан Султанов “Азаттыкка” билдирди.

Алар станцияны “Эдвокаси” бейөкмөт уюмунун жардамы менен мэриядан атайын акча бөлдүрүп алышкан. Натыйжада дарыядан суу тартып чыгуучу насос курулуп, Ирригатор көчөсүндөгү 4 чакырым жерге 9 суу чоргосу орнотулду. Мындан ары күнүнө 4 сааттан суу чыгып турат.

Буга чейин айылда таза суу жок, жергиликтүүлөр Ак-Буура дарыясынан аптасына эки жолу каналга суу буруп, андан фляга-казандарын толтуруп алышчу.

Султановдун белгилешинче, Дача кыштагынын тургундары калаанын жакасында жайгашканы менен, алардын бири да Ош шаарында катталган эмес. Ошол себептүү Ош шаар мэриясы аларга көмөктөшпөй келген. Мындан сырткары аталган кварталдык комитетке жаңы мектеп салууну Ош шаардык мэриясы убада кылган. Аталган көчөдө 500 адам жашайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG