Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Окуучулары мушташкан спорт мектептин жетекчилери иштен алынды


Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв республикалык окуу жайынын бассейни
Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв республикалык окуу жайынын бассейни

Бишкектеги окуучулардын мушташына байланыштуу Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв республикалык окуу жайынын директорунун 3 орун басары: Жеңиш Жунусов, Айбек Акматов жана Светлана Кыдыралиева кызматтан алынды. Мындан сырткары бир катар мугалимдерге жана мектеп директору Муратбек Кыбрыевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим биргелешкен жыйында кабыл алынды. Буга чейин аталган агенттик окуяны иликтөө боюнча комиссия түзгөн.

Олимпиадалык резерв мектеби менен Бишкек шаарындагы №38 мектептин 10-11-классынын окуучуларынын ортосундагы мушташ 16-сентябрда кечки саат тогуз жарымдар чамасында болгон. Мушташта бычак жеген интернаттын үч окуучусу, №38 мектептин бир окуучусу ооруканага жаткырылган. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Соңку күндөрү окуучулардын мушташы көп катталууда. Мындан улам сентябрь айында эле эки өспүрүм, Бишкекте жана Жумгалда каза болгон. (КЕ/ECh)

XS
SM
MD
LG