Бүгүн Бишкекте Улуттук филармониянын маңдайына жарандык активист жана укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров митингге чыгат. Ал шайлоону таза өткөрүү, жөнү жок ызы-чууларды чыгарбоо, курулай убада бербөө талабын айтып, тос көтөрөт.
“Мурда-кийин криминалдык иштерге аралашкан, кылмыштуу топтун мүчөсү делген адамдар, алдамчылар, тоодой убада берген “азаматтар” парламентке келбей эле койгула деген каалоомду айтам”, - дейт Токтонасыров.
Бүгүн ал мурдагы аракеч, азыр аракты таштап сергек жашоого үндөгөн адамдын образы менен чыгат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. Буга чейин БШК партия тизмелериндеги 200дөн ашуун талапкерге мурда-кийин кылмыш иши козголгонун билдирген. Айрымдары уюшкан кылмыш топтору менен кызматташары айтылып келет. (КЕ)