Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Ошто «Лило» каймана аттуу жаран маңзат үчүн 15 жылга кесилди


Кыргызстанда ири көлөмдө маңзат сатуу менен алектенет деп айыпталган Хайрулло Мамаханов кечээ, 1-октябрда Ош шаардык сотунун өкүмү менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык соттон кабарлашты.

2010-жылдан бери издөөдө жүргөн “Лило” деген каймана ат менен белгилүү Хайрулло Мамаханов быйыл 21-июль күнү Ошто ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалган. 24-августта Ош шаардык соту аны оорусуна байланыштуу деген негиз менен үй камагына чыгарган. Буга аймактык милиция башкармалыгы "көптөн бери издөөдө жүрүп, зорго кармалган кылмышкерди сот үй камагына чыгарып жибергенин" айтып, нааразылык билдирген болчу.

2010-жылы июнь окуясында Мамахановдун үйүнөн брондолгон «КамАЗдар» чыкканы тууралуу да маалымат бар экенин күч түзүмдөрү айтып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG