Өткөн түнү Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, силкинүүнүн очогу Тогуз-Торо районундагы Кош-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-батыш тарапта, Казармандан 40 чакырым түштүк, Жалал-Абад шаарынан 85 чакырым түндүк-чыгыш тарапта болду.
Жер титирөөнүн күчү Макмал, Кош-Дөбө айылдарында 3 балл, Кош-Этек, Ак-Терек, Чет-Булак, Жерге-Талда 2,5 балл болуп сезилди.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)