Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук акимчиликтен кабарлашты. Аталган иш-чара негизинде райондун аймагындагы 35 мекеменин ар бири экиден карыяга айдын аягына чейин жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Алар улгайган адамдардын үйүн тазалоо, талаа иштерине кол кабыш кылуу жана азык-түлүк жагынан көмөк кылышат. Аткаминерлер ошондой эле оорулуу абышка-кемпирлерге медициналык жактан каралашмакчы.
Ош облусунун Кара-Суу районунда жардамга муктаж карылардын саны 80ге жакын. Алардын ичинде 100 жаштан өткөндөр да бар.
Кыргызстанда пенсия алган карылардын саны 408 миң адам. Пенсиянын орточо өлчөмү 4870 сом. (ErN)