АКШнын Орегон штатындагы колледжде куралчан адам 9 жаранды атып салды. 7 адам жарадар болду. Кол салган адам полиция огунан каза тапты.
Cи-Эн-Эн телеканалынын билдиришинче, жанкечти аудиторияга кирип барып, студенттерге ок ачканда жанында куралдын төрт түрү болгон. Күбөлөрдүн биринин айтуусунда, ал адегенде бутага алган адамынан кайсы динден экенин сураган.
Ок жаадырган жанкечти колледжге коңшу үйлөрдүн биринде жашаган Крис Харпер Мерсер деген адам болуп чыкты. Анын кыргын салууга кандай жүйөө түрткү бергендиги тууралуу эч кандай маалымат жок.
20 миң калктуу Роузбург шаарындагы коллежде 3 миңдей студент окуйт.