Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Оштун мечиттеринде шайлоого карата тынчтык тууралуу кутбалар окулду


Бүгүн Оштогу мечиттерде жума намаз маалында шайлоого байланыштуу тынчтык тууралуу кутбалар окулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук казыятынан кабарлашты.

Шайлоонун тынч өтүшү үчүн биримдик, элди бөлүп-жарбоо, добушун сатпоо жөнүндө жума кутбалары айтылды.

Мындай тапшырманы Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жума намаздар окулуучу 182 мечит имамына берген.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (YI)

XS
SM
MD
LG