Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:13

Ош мэри шайлоо алдында эл кыдырып, сегиз айлык отчетун берүүдө


Ош мэри Айтмамат Кадырбаев акыркы эки аптадан бери шаар кыдырып, сегиз айлык отчетун берип жатат. "Азаттыктын" аймактык кабарчысынын маалымдашынча, ал мэр болуп шайланган эки жылга жакын убактан берки аткарылган иштер тууралуу кеңири баян этүүдө. Жетишкендиктер тууралуу 20 мүнөттүк видео роликти ар жолугушууда элге көрсөтүп жатат.

Мэр шаар тургундары жана студенттер менен жолугушууда.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Кадырбаев ушул учурда эл кыдырып отчет берүүсү шайлоо менен байланышы жок деп ишендирүүдө.

Айтмамат Кадырбаев 2014-жылдын 15-январында Ош шаарынын мэрлигине шайланган. (YI)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG