Кыргызстандык дзюдочу Отар Бестаев Өзбекстандын борбору Ташкенде өткөн "Judo Grand-Prix Tashkent 2015" мелдешинде коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка караганда, Бестаев 1-октябрда 60 кг. салмакка чейинкилер арасында күч сынашып төрт жолу татами үстүнө чыккан. Алгачкы беттешинде италиялык Мария ди Лоретону, андан соң казакстандык Айбек Имашевди иппон ыкмасында уткан. Жарым финалга чыгуу үчүн таймашта өзбекстандык Диорбек Урозбаевди жеңип алган. Жарым финалда өзбек дзюдочусу Шарафиддин Лутфуллаев менен күч сынашып андан жеңилип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. 3-орун үчүн беттеште түндүк кореялык Жай Йонг Ян менен таймашып жеңишке жеткен.
Бул күнү аталган мелдеште Кыргызстандын намысын коргошкон Бектур Рысмамбетов жана Ксения Бельдягина байге ээси болгон спортчулардын катарына кошула алышкан жок. Бүгүн, 2-октябрда Кыргызстандан 81 кг.салмакка чейинкилер арасында Владимир Золоев 1/16 финалдан баштап күч сынашууга чыгат. 1-октябрда башталган "Judo Grand-Prix Tashkent 2015" мелдеши 3-октябрда аяктайт.(ECh)