Бул туурасында маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында добуштарды саноо дароо шайлоо участкалары жабылган соң, кечки саат тогуздан кийин башталат.
- Теориялык жактан караганда алдын ала жыйынтыктар кечки саат сегиз жарымда даяр болот. Бирок иш жүзүндө бул процесс көбүрөөк убакытты аларын эске алып, биз саат тогузга даяр болот деп жатабыз, - деди Сарпашев.
Сарпашев ошондой эле алдын ала жана акыркы жыйынтыктын айырмасы 0,1 пайыз болорун, Жогорку Кеңешке ким өткөнү 4-октябрда белгилүү болуп каларын билдирди. (AzK)