Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Челябинскте цехте жабыркаган кыргызстандыктардын абалы туруктуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Замандаш” ассоциациясынын Челябинсктеги өкүлү Зыйна Бакирова билдирди. Анын айтымында, бети-колу күйүп жабыркаган Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары 20 жаштагы Адилет Дыйканов менен 27 жаштагы Кубанычбек Нуркулов ушул тапта Челябинск шаарындагы ооруканада жатат.

Ал эми 21 жаштагы Элмурат Рысбек уулунун абалы оор болгон үчүн Карабаш аймагындагы ооруканада калтырылган. Анын баш мээси чайкалып, кабыргасы сынган.

Кечээ, 2-октябрда Орусиянын Челябинск облусундагы «Карабашмедь» заводунда жарылуу болуп, тогуз жумушчу, алардын ичинде кыргызстандык 3 жаран жабыркаган. Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка металл иштеткен цехте буунун капташы себеп болгон. (AiA/AzK)

XS
SM
MD
LG