Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Тажикстанда Ислам партиясына тыюу салынышына эл аралык уюм тынчсызданууда


БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салынышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун 2-октябрдагы кайрылуусунда быйыл сентябрдан тарта партиянын ондон ашуун мүчөсү камакка алынганы, партияны иштетпей коюу келечекте адам укугун бузууларды көбөйтүүсү мүмкүн экени айтылат.

29-сентябрда Тажикстандын Жогорку соту Ислам кайра жаралуу партиясын «экстремисттик жана террорчул уюм» деп таап, ишмердигине тыюу салган. Сентябрдын башында партиянын көрүнүктүү 13 мүчөсү Коргоо министринин орун басары Абдухалил Назарзода уюштурду делген куралдуу калабага тиешеси бар деп шектелип камакка алынган.

Назарзоданын өзү 16-сентябрда атайын күчтөрдүн операциясында жок кылынган.

Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы Борбор Азияда ырасмий катталган жалгыз исламчыл партия болчу. Ал Тажикстандагы жарандык согушка чекит койгон мунасага ылайык өкмөт курамына кирген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG