Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Кыргызстандын тышкы карызы 3,6 миллиард доллар


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 3,6 миллиард долларды түзөт. Бул туурасында Финансы министрлигинин басма сөз катчысы Назар Малаев билдирди. Ал Коомдук телеканалдагы дебаттардын жүрүшүндө айрым талапкерлер Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 миллиард доллар деп туура эмес маалымат берип, коомчулукту адаштырып жатканын белгилейт.

- Дагы бир саясатчы бюджеттин көп бөлүгүн чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерибиз бул жакка которгон каражат түзөт деп билдирди. Бул да туура эмес. Мекендештер жиберип турган акчанын жалпы экономикага таасири бар, бирок бюджетке түз түшпөйт. Бюджеттин негизги бөлүгүн салык, салык эмес каражаттар жана расмий трансферттер (гранттар) түзөт. Киреше өсүүдө, - дейт Малаев.

2016-жылы мамлекеттик бюджеттин долбоорунда киреше 119.7 миллиард сом, чыгаша 147,2 миллиард сом, тартыштык 27,4 миллиард эсебинде каралууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG