Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Малайзиянын транспорт министри Лиоу Тионг Лай менен жолугушту. Элчиликтен бүгүн кабарлашкандай, Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу жана Куала-Лумпурдан Европа өлкөлөрүнө Бишкек шаары аркылуу авиабайланыш түзүү боюнча кыргыз тараптын сунушу талкууланды.
Малайзия бул сунушту тийиштүү комитетте карап, алдынкы авиакомпаниялары менен талкуулоого даяр экенин билдирди.
Элчи Кылычбек Султанов жакында Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов менен жолугушуп, туризм жаатында кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшү үчүн эки өлкө ортосунда түз аба байланыш түзүү сунушун талкуулаган болчу. (AzK)