Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Йемен Иран менен дипломаттык байланышты үздү


Сауд Арабиясы колдогон Йемен өкмөтүнүн президенти Абдраббу Мансур Хади Иран менен дипломаттык мамилени токтотту.

Бул тууралуу өкмөттүк Аден телеканалы 2-октябрда кабарлап, башка кеңири маалымат берген жок. Бахрейн кечээ күнү Тегерандан элчисин чакыртып алган. Сауд Арабиясы башындагы Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин коалициясы шиит козголоңчулары өлкөдөн качырган президент Хадини бийликке кайра отургузуу үчүн быйыл мартта Йеменге басып кирген. Анын алдында шиит хутилер Хадини бийликтен оодарып, ал Саудиядан башпаанек тапкан. Перс булуңундагы мамлекеттер хутилерди пайдаланып, Иран региондогу таасирин күчөтөт деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG