Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Бүгүн жабык жайларда отургандар добуш беришет


Бүгүн Кыргызстандын абактарында отургандар парламенттик шайлоого катышып жаткан партияларга добуш берет. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдиргендей, камактагылардын паспорттору тергөөчүнүн колунда болгонуна байланыштуу аларга документтин көчүрмөсү менен өнөктүккө катышууга уруксат берилди. Бирок биометрикалык маалыматын тапшыргандар гана шайлоодо добуш берүүгө укуктуу. Алардын добуш берүү жараянына эл аралык байкоочулар көз салышат. (SE)

XS
SM
MD
LG