Германия, Франция, Орусия жана Украина лидерлеринин 2-октябрда Париждеги жолугушуусу беш саатка созулду. Алгач тар чөйрөдө башталып, кийин кеңири форматта уланган сүйлөшүүнүн башкы темасы - Украинада тынчтык орнотуу маселеси болду.
Жыйын алдында француз президенти Франсуа Олланд Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен кездешти. Рейтер агенттигинин кабарлашынча, эки лидер Сирияда кызматташуу боюнча Париждин шартын талкуулашкан.
Маалыматтарга караганда, Франция Орусиянын согуштук учактары «Ислам мамлекети» тобу жана «ал-Каиданын» гана өңүттөрүнө сокку уруп, жөн-жай элдин коопсуздугун камсыздоосун талап кылган. Ошондой эле Башар Асадды бийликтен кетирүү жараянын баштоону сунуштаган. (SE)