Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

Атамбаев Бишкектеги 5-лицейде добуш берет


Президент Алмазбек Атамбаев 4-октябрь күнү Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүнүн кесилишиндеги №5 кесиптик окуу жайындагы шайлоо участкасында добуш берет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев да ошол лицейде добуш берерин өкмөттөн кабарлашты.

Эртең Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG