Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Нигериянын баш калаасында эки жардыруу болду


Абуджа шаарында 3-октябрга караган түнү эки жардыруу болду. Алгач Кудже районундагы полиция участкасында, андан кийин Няня районундагы автобус бекетинде бомба жарылып, бир нече киши набыт кеткени расмий кабарланды. Бирок канча адам каза тапканы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Алдын ала кабарларга караганда, бомбанын калдыктары буга чейин “Боко Харам” экстремисттик тобу колдонгон жардыргыч заттарга окшош. Азырынча жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек.

“Боко Харам” тобу Нигерияда акыркы кездери кол салууларды көбөйткөн. Соңку үч айда эле алардын айынан 800дөй нигериялык жашоо менен кош айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG