Ош шаарындагы “Грамотей” менчик мектебинин 4-классынын окуучусу Мадина Атабекова жыл башынан бери 600 китепти окуп бүттү. Бул тууралуу Ош облустук Таш Мияшов атындагы балдар китепканасынан кабарлашты.
Мадина үчүн бул китепкана экинчи үйгө айланып калган. Кыз күн алыс ушул жерде орус тилинде китеп окуйт. Атабекова жомок жана балдарга арналган аңгемелерди үйүндөгү бөбөктөрүнө да окуп берет.
Мадина Атабекова аталган мектепте 2014-жылы да мыкты окурман болгон.
Таш Мияшов атындагы балдар китепканасында учурда 100 миңден ашуун китеп бар. Алардын 80% орус тилинде, 11% кыргыз тилинде жана 9% өзбек тилинде. (ErN)