Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Президент №94 мектепке 1 миллион сом берди


Бүгүн Бишкектин четиндеги Дордой жаңы конушунда жаңы мектеп ачылды. Мектеп директору Талантбек Базаркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, имарат 960 окуучуга ылайыкташкан. Бирок ал жерге окуу үчүн катталган балдардын саны 1483 окуучуну түзгөн.

Мектептин ачылыш аземине өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев катышып, башталгыч класстардын окуучуларына окуу куралдарын жана жогорку класстын окуучулары үчүн мультимедиалык каражаттарды алууга 1 миллион сомдук сертификат тапшырды.

Эл жыш жайгашкан “Дордой” жаңы конушунун тургундары шаардык бийликтен мектеп куруп берүүнү 12 жылдан бери суранып келген. Ал ортодо окуучулар Ак бата, Келечек, Эне-Сай жаңы конуштары менен шаардын мектептерде окуп келишкен. Жаңы ачылган 94-мектеп быйылкы окуу жылын 5-октябрда баштайт. (ZA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG