Суук түшүп калганына байланыштуу Бишкек-Ош жолунда кичи автобустарда жүргүнчү ташуу мөөнөтү 15-октябрда аяктайт. Жол кайгуул кызматы жайкы мезгилге чейин микроавтобус айдоочуларына эл ташууга тыюу салынарын эскертти. Ага баш ийбегендерге административдик жаза колдонулат.
Ал эми жеңил унаада адам ташыган такси ээлерине кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу сунушталууда.
Бишкек-Ош жолу 600 чакырымдан көп. Жолдун негизги бөлүгүн тоо жана ашуулар түзөт. (SE)