Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:37

Кишиневдо демонстранттар негизги жолду бууду


Кишиневдогу акция катышуучулары.
Кишиневдогу акция катышуучулары.

Молдова баш калаасы Кишенев шаарында наарызылык акциясынын катышуучулары калаанын негизги чоң көчөсүн бууп, чатыр тигип алышты. Акцияны “Биздин партия” жана Молдованын социалисттер партиясы уюштурган. Мурдараак парламент имаратынын жана Айыл чарба министрлигинин алдына чатырларды орноткон эле. Алар президенттин кызматтан кетишин, өкмөттү таратып, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып атышат.

Эки партиянын акциясы 25-сентябрда башталган. 20 күн мурда “Ар-намыс жана чындык” жарандык платформасынын өкүлдөрү да ушундай талап менен мөөнөтсүз митингге чыкан. Алар Улуу улуттук жыйын аянтына чатыр тигип, акцияны улантууда.

Демонстранттар президенттин отставкасынан тышкары, Башкы прокуратура, Улуттук банк, Жогорку Соттун жана Антикоррупциялык комиссиянын жетекчилеринин кызматтан чегинишин, мамлекеттик институттарды реформалоону жана сөз эркиндигин камсыздоону талап кылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG