Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Өкмөт башчы спорттук билим берүүнү күчөтүүгө убада берди


Кыргыз өкмөтү спорт багытында билим берген мектептердин окуу-техникалык базасын чыңдап, деңгээлин күчөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн Бишкекте жайгашкан Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайына барган учурда айтты.

Сариев билим берүү мекемесинин мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн барганын өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Премьер окуу жайдын өлкө спортунун өнүгүшүндө мааниси чоң экенин белгилеп, анын материалдык базасын чындоого көңүл буруу күчөтүлөрүн белгиледи.

Темир Сариев өзү аталган окуу жайды аяктаган. (SE)

XS
SM
MD
LG