Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:16

ИИМ: Түнкүсүн шайлоо бекеттерин куралчан милиция кайтарууда


Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, шайлоо участкаларына көзөмөл салып турган милиция кызматкерлерине түнкүсүн курал берилүүдө.

- Түнкү маалда шайлоо участкаларындагы бюллетень жана жаңы жабдуулардын коопсуздугун сактоо үчүн бул жолу күчөтүлгөн чаралар көрүлүп, бекеттерге бөлүнгөн тартип коргоо кызматкерлерине түнкүсүн курал берилүүдө. Кечээ түнү алар курал менен чыгып, бүгүн күндүз тапшырып беришти. Бүгүн түнү да курал менен кайтарышат,- дейт ал.

Шайлоо жараянына жалпы 10 миң 900 милиция кызматкери жана 11 миңден ашуун ыктыярчы, милициянын ардагерлери көз салууда. Алар 6-октябрга чейин иштешет. (AzK)

XS
SM
MD
LG