Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

“Таза шайлоо” ассоциациясы 800 байкоочусун алып чыкты


Ассоциациядан кабарлашкандай, 800 шайлоо участогун көзөмөлдөп жаткан байкоочулар менен 50 координатор байланышта болуп турат.

Көз каранды эмес мониторингдин максаты – шайлоо процессине киргизилген жаңы инновациялык ыкмалардын эффективдүүлүн баалоо, биометрикалык маалыматты пайдалануу менен өтүп жаткан шайлоо процесси канчалык жакшыра тургандыгын байкоо, бул жаңы ыкмалар элдин ишенимин канчалык актай ала тургандыгын текшерүү.

“Таза шайлоо” шайлоочулардын добушун параллелдүү санайт. Региондордон байкоочулар берген протоколдор БШКнын маалыматы менен салыштырылат.

Шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар электрондук картага киргизилип, www.mapin.kg сайтына жарыяланып турат.

Парламенттик шайлоого 14 партия катышып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG