Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Акыйкатчы шайлоо бекеттериндеги айрым мүчүлүштүктөрдү белгиледи


Акыйкатчы аппаратынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1032 шайлоо участкасына келген 2 шайлоочуга автоматтык шайлоо системасы аларды 3-октябрда добуш бергендердин катарында экенин көрсөткөн. Бирок ал жарандар шайлоо участкасынан сырткары жерде добуш берүү боюнча эч кандай арыз жазбагандыктарын билдиришкен. Буга байланыштуу шайлоо участкасынын мүчөлөрү аларга добуш берүү үчүн дагы бир жолу кайталап бюллетень беришкен.

Свердлов районунун №1023 участкасында негизги сервер саат сегизден онго чейин иштебей турган.

Ленин районундагы №1029 шайлоо пунктунда автоматтык система шайлоочуга добуш берүү үчүн чек берген. Бирок ушул эле система бул киши буга чейин добуш берди деген маалыматты көргөзгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG