Кабарчыбыздан маалымдашынча, бул участкада эртең менен колдун манжаларын тааный турган биометрикалык сканер иштебей калган. Мындан тышкары участкада тизмеден өздөрүн таппай калгандар, каттоосу башка жактан чыккандар болуп жатат. Шайлоонун жүрүшү, алдын-ала жыйынтыктар, андагы мүчүлүштүктөр туурасында шайлоо участкасынын төрайымы маалымат берүүдөн баш тартты.
Ушул тапта ал жерде кезек күткөндөрдүн саны 100гө чукул. Айрымдары кезектен чыгып, кетип жатышат. (AzK)