Айрым бир добушканаларда техникалык мүчүлүштүктөр болду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Бирок, анын айтымында, добуш берүүгө таасир эткидей үзгүлтүккө учуроо катталган жок.
Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 14 партия ат салышууда. (EBM)