Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

БШК: Добуш берүүдө Нарын облусу менен Бишкек шаары алдыда келатат


Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендер тууралуу алгачкы алдын ала маалыматын саат 12ге чукул таратты. Ага ылайык, азырынча шайлоочулардын 9% добуш берди. Бирок бул саат канчага карата маалымат экени так белгисиз.

Алдыда Нарын облусу менен Бишкек шаары келатат. Бул аймактарда шайлоочулардын 11% добуш берди.

Ош шаары добуш берүү боюнча эң артта. Ал жакта 3% гана шайлоочу келди.

Жалал-Абадда 8%, Баткенде 9%, Чүйдө 10%, Ысык-Көл менен Таласта 9% шайлоочу катышты.

Боршайкомдун сайтында добуш бергендер боюнча алгачкы маалымат саат 10до жарыяланмак. Бирок ушул тапта ал маалымат бош турат. (AzK/EBM)

XS
SM
MD
LG