Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Саат 12ге карата шайлоочулардын 20% добуш берди


Саат 12ге карата жалпы республика боюнча шайлоочулардын 20 пайызы добуш берди.

БШКнын маалыматына караганда, Бишкек шаарында 58 миңдей (15,8%) шайлоочу, Ош шаарында 9 миң 230 (16,7%), Жалал-Абадда 99 миңге жакын (20%), Ош облусунда 100 миңден ашык (18%), Баткенде 54 миңден ашык (24,1%), Чүйдө 96 миңден ашык (26,2%), Ысык-Көлдө 47 миңден ашык (19,6%), Нарында 34 миңдей (23%) жана Таласта 30 миңден ашык (24,9%) шайлоочу өз добушун берди.

Чет өлкөлөрдө болсо 260 жаран катышты. Бул сырт жакта катталгандардын 2%.

Боршайком добуш берүүнүн жүрүшү бүгүн он лайн көрсөтүлүп турарын, маалымат улам жаңыланарын айткан. Бирок саат 10го карата маалымат 12ге жакын гана чыгып, добуш бергендердин жалпы саны алдын ала 9% деп айтылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG