Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Франциядагы суу ташкыны 13 кишинин өмүрүн алды


Франциянын Ницца жана Канн аймактарындагы Риьера дарыясы нугунан чыгып, суу каптоодон кеминде 13 киши өлгөнү кабарланууда.

3-окятбрь түнү аталган аймактарга катуу жааган жаандан улам көптөгөн шаарларда суу ташкыны келип чыкты. Көчөнү каптаган суунун алдында калган машинеге тыгылып, бир үй-бүлөдөн үч киши ошол жерден мерт кеткен.

Кырсык Антиб аттуу туристтердин лагерине да жетип, бир киши өлдү. Азырынча каза болгон сегиз кишинин сөөгү табылды. Куткаруучу кызмат курмандыктардын саны дагы артарын билдирди.

Канн шаарынын темир жол байланышы үзүлүп, бир нече калаада 70 миң үйдүн жарыгы өчкөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG