Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Байболов: Бүгүнкүдөй добуш сатып алуу тарыхта болгон эмес


Шайлоочулардын добушун бүгүнкүдөй сатып алуу Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" "Ар-Намыс" партиясы аркылуу шайлоого катышып жаткан талапкер Кубатбек Байболов билдирди. Ал бүгүнкү көрүнүштү "болуп көрбөгөндөй" деп атады.

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 14 партия катышууда.

Президент Алмазбек Атамбаев добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып утушка жете албасын билген айрым күчтөр ызы-чуу чыгарууга кызыкдар деген пикирин айткан.

Партиялардын жер-жерлердеги өкүлдөрү шайлоочуларды топтоп алып келүү, кайсы бир партияга үгүттөө, добуш топтоо ачык жүрүп жатканын социалдык тармактар аркылуу видео, фотолору менен кабарлоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG