Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

“Республика Ата-Журт” да БШК менен катар добуш санап жатат


Аталган партиянын лидери Өмүрбек Бабановдун “Азаттыкка” берген маалыматына караганда саат үчкө карай жалпы шайлоочулардын 975 миң 918и добуш берген. Бабанов шайлоо участкаларындагы партиянын байкоочулары саат сайын канча шайлоочу кирип-чыгып жатканын санап, бул цифралар шайлоо жараяны аяктаган соң БШК сандары менен салыштырыларын, ошондо кандай айырма болгонун көрүү мүмкүнчүлүгү болорун билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнө эң көп каражатты “Республика Ата-Журт” партиясы сарптаган.

Аталган партия өнөктүккө топтогон 131 миллион 540 миң сомдун 130 миллиондон ашуунун колдонгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG